2025-жылдын 26-апрелинде факультетибизде салтка айланган пикник өткөрүлдү. Иш-чарага окутуучулар, административдик кызматкерлер жана студенттер активдүү катышышты.
Табияттын койнунда уюштурулган бул өзгөчө күндө ар түрдүү оюндар, мелдештер жана кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп, катышуучулар үчүн кубанычтуу учурлар тартууланды. Пикник студенттер менен окутуучулардын бири-бири менен жакындан таанышып, факультет ичиндеги ынтымакты жана достукту бекемдөөгө чоң салым кошту.
Жыл сайын өткөрүлүп келген бул салттуу иш-чара, факультетинин биримдигин чыңдаган маанилүү жолугушуу болду.