2025-04-11


Сценарист, кинорежиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” көркөм фильминин премьерасы жана чыгармачылык топтун катышуусунда мастер класс


2025-жылдын 10-апрель күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин RTS 1-2-3 жана 4-курсунун студенттерине сценарист жана кинорежиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” аттуу жаңы көркөм фильминин премьерасы болду. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин фильмдин автору жана режиссеру Дастан Жапар Рыскелдинин катышуусунда студенттерге арналган мастер класс өткөрүлдү.

Студенттер тарабынан авторго фильмге тиешелүү, фильмдин максаты, темасы, актердук чеберчилик, продюсердик иш жана жалпы кинонун бүгүнкү күндөгү акыбалы туурасында суроолор берилип, дискуссия өтө кызыктуу жана жандуу өттү.