2025-04-15
XII Эл аралык “Үмүт” жаш кинематографисттердин форумунда Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери жана бүтүрүүчүлөрү кыскаметраждуу фильмдери жана жаңы долбоорлору менен жигердүү катышты.
Кино форумдун улуттук конкурс категориясында Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Мээрим Талантбек кызы «Мунара» фильми менен «Эң мыкты фильм», 2024-жылдагы бүтүрүүчүсү Айжамал Мирбек кызы өзүнүн “Алтын балык” аттуу дипломдук фильми менен “Эң мыкты режиссура” сыйлыгына ээ болушту.
Ошондой эле ушул эле форумда уюштулган жаңы долбоорлор питчингинде Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн 2024-жылдагы дагы бир бүтүрүүчүсү Абай Кубатбек уулу “Көк бет” аттуу жаңы долбоору менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинен 400 000 сом өлчөмүндө финансылык колдоого ээ болду.
Жеңүүчүлөрдү сыймыктануу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана алдыда албан ийгиликтерди каалайбыз!