2025-04-07


Семинар: Келечекти изилдөөнүн философиялык негиздери


2025-жылдын 3-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмү тарабынан уюштурулган “Келечекти изилдөөнүн философиялык негиздери” аттуу семинар болуп өттү. Семинарда ф.и.д., проф. Жамгырбек Бокошов келечекти изилдөөг байланыштуу масалелерге токтолду. Азыркы доордо дүйнөлүк масштабда катуу өнүгүп жаткан илимий тармактардын бири- “келечекти изилдөөлөр”. Бул тармак дисциплина аралык жана мультидицсиплиналык мүнөзгө ээ. Теориялык деңгээлде да, колдонмо кейпинде да “келечекти изилдөөлөр” белгилүү бир философиялык негиздерге таянат. Бул негиздер онтологиялык, эпистемологиялык, аксиологиялык жана методологиялык ченемдерде кызмат аткарат. Классикалык жана азыркы философиялык эмгектерде келечек тууралуу ар кыл жоболор, ойлор, талдоолор кезигет. Ошол эле учурда атайын философиялык негиздемелер да зарыл. Семинардын жүрүшүндө ушул маселелер талкууланды жана суроо-жооптордун аркасында тематикалык алкак кеңейтилди. 



Dosya 1